Сыйлык сыймык

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык илим, билимдин, маданияттын жана достуктун куттуу ордосу болгон Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине “Достук” ордени ыйгарылды. Университеттин жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болушуна өзүнүн зор салымын кошуп, жаштарга жетекчилик кызматтын үлгүсүн көрсөтүү менен бирге билим берүүдөгү талыкпаган эмгегинин артынан экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич “Даңк” ордени менен сыйланды. Ошондой эле окуу жайыбыздын мурдагы проректору, п.и.к., профессор Исаков Топчубай Эргешович “Билим берүүнүн мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды.
Профессор Чаткалбай Райымбаевди жана Топчубай Исаковду жалпы эмгек жамаатыбызды куттуктайбыз! Ынтымагыбыз ыдырабай, биримдигибиз бекем болсун!