Табиятты_сактайлы_жумалыгы

КӨЭАУнун табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасы тарабынан “Табиятты сактайлы” аттуу жумалык өтүп жатат. Буга ылайык атайын бир жумалык иш чаралардын планы бекитилип, аткарылууда.
Аталган жумалыктын алкагында табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучулары жана студенттери Ош шаарындагы тазалык иш канасынын кызматкерлерине атайын даярдалган белектерин тапшырып, жардам берип келишти. Буга улай эле эртең, саат 11:00дө Сулайман-Тоого чыгып, таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүшөт.