Туризм тармагын жогорулатууга багытталган семинар-тренинг уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 17-майынан 21-майга чейин Ош облусунун туризм тармагынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу программасынын алкагында семинар-тренинг болуп өттү. Бул семинарга Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык универстетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты.
Тренингди Дестинация Ош туризм ассоциациясынын төрагасы Абдулкадыр Алиев жана туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкулов ачып берди. Бул семинардын максаты туризм тармагын жогорулатууга багытталган. Семинар 4 багытка бөлүнүп, туризм тармагына байланышкан ар тараптан келген 141 адам билимин өркүндөтүштү. Соңунда тренингдин катышуучуларына ыраазычылык кат жана сертификаттар тапшырылды.
КӨЭАУнун маалымат кызматы