ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы, КӨЭАУнун “Ардактуу профессору” Раев Султан Акимович, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Мамбеталиев Канат Уркашович Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.

Конокторду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, ректордун кеңешчиси, профессор Чаткалбай Райымбаев, окуу иштери жана каржы боюнча проректор, доцент Алтынбек Зулпукаров, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор, профессор Аида Балтабаева тосуп алып, профессордук-окутуучулар жамааты менен жолугушуу уюштурулду.
Мында эки тарап жаңы окуу жылына карата биргелешип аткара турган иштерди ортого салып, кенен талкуулашты.