“Улуттун келечеги эненин колунда”

Бүгүн, 1-декабрь күнү Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин окутуучуларына, студенттерине арналган “Улуттун келечеги эненин колунда”- аттуу иш чара өттү. Аталган иш чара коомдогу болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында КӨЭАУнун аялдар кеңешинин төрайымы Айгүл Арынова тарабынан уюштурулду.
Мында Ош облустук психиатрия жана наркология бөлүмүнүн нарколог дарыгери Минбаев Арсланбек Шакиржанович, Ош шаардык ички иштер башкармылыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Асанов.Р жана лейтенанты Нурия Шакирова, медициналык колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары Алиева Элмира Кадыралиевна, медициналык колледждин окутуучусу Багдад Маматалиева, аялдардын коомдогу орду, жаңы наркотиктердин, электрондук сигареттердин зыяндуу таасири, зордук-зомбулукка биз каршыбыз, үй-булөөнү
пландаштыруу, кийинүү маданияты, жоолук ооронуунун түрлөрү деген темалардын үстүндө кенен баяндамаларды жасашты.
Иш чара суроо жооптор менен коштолду.
Коноктор таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.