Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата сынак өттү

Кечээ, 13-декабрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата анын чыгармаларынан сахналаштырылган театралдык көрүнүш көрсөтүү боюнча сынак өттү.
Сынак Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаарындагы жалпы 7 окуу жайдын студенттери катышты.
Сынактын шарттары боюнча ар бир катышуучу топ Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан бирөөнү тандап алып, тарбиялык маанисин, мазмунун өзгөртпөстөн сценарийин жаңыдан жазып чыгып, чагылдырды.
Жыйынтыгында баалоо критерийлерине жараша үч окуу жайдын командалары жеңүүчү деп табылды:
1-орун – 30 000 (отуз миң) сом Ош мамлекеттик университети;
2-орун – 20 000 сом (жыйырма миң) сом Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
3-орун – 10 000 сом (он миң) сом Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети.