Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжи тарабынан Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган майрамдык иш чара болуп өттү. Аталган майрамдык кечеге окуу жайдын проректорлору, профсоюз уюмунун төрагасы, декан, директорлор күбө болушту.
Майрамдык иш чара эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгөндө илимий докладдар жасалды. Экинчи бөлүгү сахналык көрүнүш, көркөм окуу, обондуу ырлар менен коштолду. Майрамдык кече кесиптик колледждин тил жана коомдук сабактар бирикмесинин улук окутуучусу Кармышова Жаркынай Абытовна жетектеген” Сезим” адабий чыгармачылык ийриминин таланттуу студенттери тарабынан уюштурулду.