Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС) менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде университеттин түзүм жетекчилери үчүн “Уюмдагы ишкердик байланыштар” (Деловые коммуникации в организации) деген темада квалификацияны жогорулатуу боюнча 100 сааттык семинар болуп жатат.
Семинарды Россия Федерациясынын Президентине караштуу РАНХиГСтин “Финансы жана туруктуу өнүктүрүү институтунун (ИФиУР)” эксперт-тренерлери Шамсутдинова Эльмира Ильясовна жана Стартцева Светлана Геннадьевналар маанилүү маалыматтарды берүү менен кызыктуу демонстрациялап жатышат.
Бул семинардан алынган маалыматтар ишкердик байланыштарды өнүктүрүүдө жана уюмдарда натыйжалуу коммуникацияны түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Катышуучулар үчүн бул программа кесиптик өнүгүүнүн баалуу булагы болуп, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана иш чөйрөсүндөгү тажрыйбаны кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Семинардын уюштуруучулары:
Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү ишмердүүлүгү боюнча проректор Балтабаева Аида Тынайбекова
Квалификацияларын жогорулатуу жана кайра
даярдоо борборунун башчысы Исаков Топчубай Эргешович.