Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган театралдык көрүнүш көрсөтүү сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы сынакта 3-орунга ээ болушкан. Аталган сынак 13-декабрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаарындагы жалпы 7 окуу жайдын студенттери катышкан. Жыйынтыгында баалоо критерийлерине жараша үч окуу жайдын командалары жеңүүчү деп табылган.
Бүгүн, Бабур театрында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгы жыйынтыкталып, сыйлоо иш-чарасы өттү.