ЭЛ АРАЛЫК АДАБИЙ КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Орус кызматташтыгынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү менен окуу жайдын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү ишмердүүлү тарабынан “Орус адабияты. Тарых жана азыркы заман” аталышындагы адабий көргөзмө өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн ачылышында КӨЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков, Орус кызматташтыгынын Ош шаарындагы өкүлү Авраам Дмитрий куттуктоо сөзүн айтышып, иш чаранын максатына токтолушту.
Андан соң эл аралык адабий көргөзмөнүн куратору, тарых илимдеринин доктору Анна Эспарса бүгүнкү көргөзмөнүн мазмунуна киришүү жасап, келген конокторго кенен маалымат берди.