Эл аралык байланыш, эки тараптуу кызматташтык

2024-жылдын 29-майында Наманган шаарында “Экономикада инновациянын үч спиралдык системасын калыптандыруу: жаңы ыкмалар жана өнүгүү перспективалары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияга КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып келди. Конференциянын жүрүшүндө Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Бизнес жана илим университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.