Эл аралык мээрман айымдар күнү белгиленди

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде 12-май Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү белгиленди.
Майрамдык салтанаттын ачылышында окуу жайдын ректору профессор Абдилбает Мамасыдыковго куттуктоо сөзү берилди.
Ректор өз сөзүндө майрам ээлерин кызуу куттуктап, медиктердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн инсан катары бул тармактын түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү жактарына кенен токтолуп өттү .
Андан соң аткарып жаткан иштеринин артыкчылыгы, маданий-массалык иш-чараларда өзгөчөлөнгөн профессордук-окутуучулар жамаатына жана студенттерине баалуу белектерди, окуу жайдын ардак грамотасын тапшырды. Медайымдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чара медициналык колледжинде билим алып жаткан таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.