“Эне адаты – кызга үлгү” аттуу улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш чара уюштурулду

Кечээ, 4-апрель күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-2027-жылдарга Улуттук нарктуулукту сактоо жана өнүктүрүү” программасынын алкагында Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун тарых-филология факультети тарабынан “Эне адаты – кызга үлгү” аттуу иш чара болуп өттү.
Аталган иш чараны окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, аялдардын коомдогу орду тууралуу кенен токтолду. Акыркы жылдары өздөрүн ар тармакта сынап, өнүктүрүп, саясат, экономика, бизнес, билим берүү, маданият жана башка чөйрөдө өз ордун тапкан кыргыз аялдары көбөйгөндүгүн баса белгиледи. Ошондой эле кыз-келиндерге карата болуп жаткан зордук-зомбулуктардын кесепитин айтып, кыргыз эч качан кыздарын кордобогонун, байыртан эле эненин ордун жогору баалап, аларды аздектеп келгенин кошумчалады.
Иш чарага Ош шаарынын аялдар кеңешинен өкүлдөр, университеттин аялдар кеңешинин төрайымы Айгүл Арынова жана “Ак элечек айымдар” коомунун төрайымы, “Алымбек датка этнографиялык” борборунун жетекчиси, “Даңк” орденинин ээси Жусу кызы Патила катышты. Жусу кызы Патила улуттук каада-салт, нарк-насил, үй-бүлөдөгү аялдын орду, кыз адеби тууралуу кеңири баяндап, тарбиялык мааниси зор насаат сөздөрү менен бөлүштү. Жалпы катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берип, улуттун келечеги жаштардын, кыздардын туура тарбиясынан көз каранды экендигин белгилеп өттү.
Ошондой эле, тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Сажида Эшманова “Бешик байыртадан келген таберик”, Самара Исмаилова “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы – улутубуздун руханий-адептик мурасын сактоонун өбөлгөсү” аталышындагы баяндамаларын жасап, улуттук асыл нарктардын жаштарды тарбиялоодогу орду тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.