1-курстар арасында спартакиада жыйынтыкталды

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин факультет, колледждеринде окуган 1-курстун студенттеринин ортосунда өткөн спорттун 8 түрү боюнча спартакиада жыйынтыкталды.
Жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында уюштурулган спорттук иш чаранын сыйлыктарын тапшыруу аземине университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович баштаган проректорлор, факультеттердин декандары, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манабович катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалап, сыйлыктарды тапшырышты.
Спартакиада 23-27-октябрь күндөрү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин спорттук жайларында болуп өттү. Уюштуруу иштерин КӨЭАУнун “Достук” спорт клубу, дене тарбия мугалимдери колго алган.