2023-2024-окуу жылына карата даярдык көрүү боюнча окуу-өндүрүштүк кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешменин күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:
1. Курстар боюнча тайпаларды тактоо (күндүзгү/кечки/сырткы);
2. Ар бир тайпага кураторлорду расмий түрдө дайындоо;
3. Окутуучулардын окуу жүктөмдөрүн тактоо (күндүзгү/кечки/сырткы);
4. Окуу жүктөмдөрүнө жараша кафедраларды/бирикмелерди кесипкөй окутуучулар менен камсыздоо;
5. Аудиториялык фондду тактоо (лекциялык, практикалык/семинардык, лабораториялык кааналар);
6. Окуу жадыбалдарын түзүү жана бекитүү;
7. 1-сентябрь – «БИЛИМ» күнүн майрамдык маанайда салтанаттуу тосуп алууну камсыз кылуу.
Андан сырткары өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ош шаарында өтө тургандыгына байланыштуу Ош шаардык Мэриясы тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткарып, 31-август майрам күнкү салтанаттарга активдүү катышуу маселелери каралды.