Отурумдун алдында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана Россия Федерациясынын Президентине караштуу «Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС)» менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде университеттин түзүм жетекчилери үчүн “Уюмдагы ишкердик байланыштар” деген темада квалификацияны жогорулатуу боюнча ушул жылдын 29-30-31-октябрь күндөрү болуп өткөн семинардын катышуучуларына атайын сертификаттар ыйгарылды.
Андан соң, Окумуштуулар кеңеши өз ишин улантты. Күн тартибинде университеттин 2023-24-окуу жылындагы окуу-усулдук ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык эсеп-кысабы жана өнүгүү перспективалары;
2024-25-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча жооптуу катчынын отчету жана кийинки окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууга карата даярдыктар тууралуу;
Университеттин билим берүү программаларынын ѳзүн-ѳзү баалоонун жыйынтыгы боюнча эсеп-кысабын кароо жана аккредитациялык агенттикке сунуштоого байланышкан маселелер каралды.