2024-жылдын 29-май күнү юридика-бажы факультетинде практикалардын эсеп-кысаптарын тапшыруу иш чарасы өттү.

Мында 2-3-4-курсунун студенттери практикалардын баардык түрү боюнча университет тарабынан көрсөтүлгөн мекемелерде практикаларын өтөп келишип, практика учурунда үйрөнгөн, аткарган иштери боюнча маалымат беришти.
Юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева, студенттерди практикага чыгаруунун негизги максаты, алардын тандаган кесибине багыт берип, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, чыныгы профессионал адис болуп чыгуусуна шарт түзүү экенин баса белгиледи.