Педагогикалык багытта билим берген жогорку окуу жайлар боюнча коллегиянын жыйыны өттү

18-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин биринчи орун басары Уланбек Усеков, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, аймактык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жана педагогикалык багыттагы колледждердин директорлорунун катышуусунда билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча коллегия өттү.
Коллегиянын катышуучулары педагогикалык багытта билим берген 9 университеттин өнүгүү стратегиялары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү боюнча баяндамаларды угуп, талкуулап, сунуштарын айтышты.
Аталган жыйынга Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич дагы катышып, окуу жай тууралуу кенен маалымат берди.
Министр Каныбек Иманалиев артта калган аймактык окуу жайларды окуу системасы боюнча алдыда бара жаткан университеттердин тажрыйбасын колдонууга, кызматташууга жана биргелишип билимдин сапатын көтөрүүгө аракет жасоо керектигин айтты.
Ошондой эле министр кийинки жылдан тарта окуу жайлардын рейтингин баалоодо алардын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу пайызы баалоого кошула тургандыгын билдирди.
“Университтердин рейтингин аныктоодо 5 индикатор болсо, анын бирөө ошол окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн канча пайызы жумушка орношкондугунда. Биз кийинки жылдан тарта ошону баалоого киргизүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле бүгүнкү коллегиянын чечимине ылайык ар бир окуу жай бирден бала бакча ачууга аракет кылышы керек. Себеби, өлкөдө 600 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу маселелеси турат”, – деп билдирди Каныбек Иманалиев.
Мындан сырткары Каныбек Иманалиев бир айдан кийин педагогикалык колледжердин коллегиясы өтө тургандыгын айтып, колледжердин жетекчилерине өнүгүү жол картасы боюнча баяндамаларды жасоого даярдануу тапшырмасын берди.
Маалымат Билим берүү министрлигинин фейсбуктагы баракчасынан алынды.