КӨЭАУнун окутуучуларына, студенттерине “Кыргыз жаранынын Конституциясы” менен тааныштыруу семинары уюштурулду.

Аталган семинарды уюштурууну Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Кыргызстан юридикалык клиникаларынын Ассоциациясы менен биргеликте колго алган.
Мында Кыргызстан юридикалык клиникаларынын Ассоциациясынын президенти Артур Бакиров алгач семинар тууралуу кенен маалымат берип, “Кыргыз жараны” концепциясы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Конституцияны жалпак тилде жеткирүү, окуучуларга укуктук тематикадагы сабактарды өткөрүүдө оюндардын ролу деген темалардын үстүндө баяндамаларды жасады.