Илимий-изилдөө борборунун кезектеги семинары

2023-жылдын 29-ноябрь күнү КӨЭАУнун «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары болуп өттү.
Семинарда КӨЭАУнун ардактуу профессору, БатМУнун профессору, ф.-м.и.д. Тайиров Миталип Муратович “Кыргызстандын түштүк-батыш аймагындагы билим берүүнүн тарыхы (XIX кылымдын 2-жарымы – XX кылымдын 1-жарымы)” деген темада кеңири баяндама жасап, суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар болду.
Семинардын аягында профессор М.М.Тайировго илимий борбордун директору Т.Э.Исаков мазмундуу баяндамасы үчүн катышуучулардын атынан ыраазычылык билдирди.
Андан соң КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Миталип Муратовичти кабыл алып университеттин Ардактуу профессоруна окуу жайдын Ыраазычылык баракчасын тапшырды.