“Башканы коюп Манасты айт”

Бүгүн, 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде белгилүү журналист, “Манас” эпосун кара сөз түрүндө жайылтуучу Шайырбек Абдырахман менен “Башканы коюп Манасты айт” аттуу онлайн баарлашуу болду. Онлайн баарлашуу кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин, кафедранын окутуучулары, студенттери катышты.
Мында “Манас” эпосун жайылтуучу Шайырбек Абдырахман Манастан алган бир топ нарк-насияттар менен бөлүшүп, университеттин жетекчилигине, жалпы жамаатка алкыш айтып, “Манас таануу” сабагын уюштуруу, аудиториясын даярдоо, жаңы технологияларды пайдалануу менен алысты жакын кылып, кай жерден болбосун лекторлорду студенттер менен байланыштыруу иши жолго коюлганы купулуна толгонун айтып, учурда билим алып жаткан студенттерди чоң ийгиликтердин ээси болсун деген тилегин билдирди.