Ааламга кубаныч тартуулуп, дүйнөдө тирүүлүктү сактап турган ардактуу айымдар! Майрамыңыздар менен!

Возможно, это изображение 3 человека, Овальный кабинет, отдел новостей и текст
Аял жок жерде эл көрксүз демекчи, адамзат коому түптөлгөндөн бүгүнкү күнгө чейин жашоо айлампасы уланган бүтүндөй жер бетинин куту, өлкөбүздүн, анан калса ар бир үйдүн, мекеме-ишканалардын жарык нуру деп айтсак сиздерди аша чапкандык болбойт, Урматтуу айымдар!
“Аялзаты – коомдун күзгүсү,” – деп айтылат эл ичинде. Менимче, коомдун өзгөчөлүгүн чагылдырып турган артыкчылык менен бирге эле ошол коомго жан киргизип турган кыймылдаткыч күчү дагы аялзат!
Кайсыл доорду, кайсыл мезгилди алып карабайлы, ал учурдагы социалдык турмушту, жалпы коомдун кулк мүнөзүн белгилүү бир аялзаты таш күзгүдөй чагылдырып көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндүн эң татаал тармагы болуп эсептелген таалим-тарбия, билим берүү тарабында эмгектенгендердин 70-80 пайыздан жогорку көрсөткүчү аялзатына таандык. Мектепке чейинки балдар мекемелеринде дээрлик 100 пайыз кыз -келиндер эмгектенет. Алар айлап, жылдап кабагым-кашым дебей жаркылдап аткарып аткан ишине, биз, мырзалар, бир күн, ал эмес бир саатка да чыдабайбыз.
Башканы коюп, өзүбүздүн эле университетке келе турган болсок, жалпы жамаатыбыз 607 адамдан куралган болсо, анын 408ин айымдар түзөт. Жогорку билим берүү багытында 6 факультетибиз болсо, алардын үчөөсүнүн деканы ардактуу айымдар. Орто кесиптик билим берүү ишмердигин алып барган үч колледжибиздин экөөсүнүн кош тизгини айымдарда.
Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздүн келечеги болгон жаштардын инсан катары калыптанышында, кесипкөй адис катары тарбияланып чыгышында, дүйнө таанымынын кеңейишинде, шык-жөндөмдөрүнүн ойгонушунда, деги эле бүтүндөй жашоосунда сиздердин опол тоодой эмгеңиздер жатат. Ошондуктан, ардактуу биздин айымдар! Сиздерди тирүүлүктүн тунук башаты, жашообуздун жарык шамы деп сыймыктануу менен айтабыз!
Бүгүнкү майрам сиздер үчүн түгөнбөгөн өмүр кенчин, жаңырган жаздын жарашыгын, ден соолук берип, ар бириңиздерге энелик бакыт тартууласын! Майрамдык маанайда узак жашаңыздар, биздин сүйүктүү айымдар!
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору
э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков