ЖОЖдор аралык спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү

Кечээ, 14-март күнү Ош шаарындагы “Классик” бильярд клубунда Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети 21-март Нооруз майрамына карата жогорку окуу жайлар арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өткөрдү.
Аталган спорттук мелдешке Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан 45 жаштан жогорку жана 45 жашка чейинки курактагы окутуучулары жана кызматкерлери катышты.
Спорттук иш чарада КӨЭАУнун окуу иштери жана каржы боюнча проректору Алтынбек Зулпукаров 45 жаштан жогоркулар арасында 2-орунду багындырды.
Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.