Окуйбуз жаратабыз изилдейбиз!

Кесиптик колледжинин башталгыч класстарда окутууу адистигинин бүтүрүүчү тайпаларынын арасында «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында «Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!» аталышында изилдөө долбоорлору боюнча кароо-сынак болуп өттү.
Мында студенттер «Мен жана менин дүйнөм», «Көп улуттуу Кыргызстандын элдеринин маданияты», «Жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы» деген багыттарда илимий-изилдөө долбоорлорун даярдашты.
Жыйынтыгында мыкты деп табылган долбоорлордун жаратуучулары диплом жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Кароо-сынактын максаты – студенттердин окуу, маалыматтык жана изилдөө компетенцияларын жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө багытталган.