Ардактуу ак сакалдуу аталар, ак саамай энелер!

Нарктуу элибиздин байыртан бери жашап келе жаткан насилинин, каада- салтынын, улуттук баалуулуктарынын учун узартып, өлкөбүздүн баардык жарандарынын дени сак жашоосун камсыз кылып, өлкөбүздүн төрт тарабы түгөл өнүгүп, мезгил агымы менен тең жашаган муундун өсүп чыгышына кам көрүп, кезинде баардык татаалдыктарга тик туруп карууңуздарды казык кылып жашаганыңыздардан улам, сиздердин ар бириңиздер биз үчүн сүйөнөр тоо, сыйынар ыйык жансыздар!
Айрыкча, агартуу тармагына өмүрүн арнап, кесиптик билим берүү багытында маңдай тер төгүп, миңдеген адистерди даярдап чыгарган, биздин устат агай, эжелерибиз! Сиздер берген жугумдуу билим, татыктуу тарбияңыздар сиздерден таалим алып, татыктуу турмуш кечирип жаткан жаштардын ар биринин жүрөгүндө өмүр бою ташка тамга баскандай сакталып, туура жолго багыт берген асыл кебиңиздер ар дайым кулагында жаңырып турат деп ишенем.
Карысы бар үй ар дайым жарык. Ал үйдө күн нурундай мээрим төгүлүп, түбөлүктүү жылуулук сакталып турат. Эркелеген үн чыгып, шаңдуу болот – карысы бар үйлөр. Ошондуктан, ар бир үйдүн небере сүйөөр карыясы болсун! Уул-кыздарынын кыял-жоругун таразага салып, акыл кебин айтып турган ак сакал атасы, ак элечек энеси болсун ылайым!
Кадырлуу ак сакалын жайкалткан ак баталуу аталар, ак тилектүү ак жолтой энелер! Сиздердин ар бириңиздерге Жараткан бекем ден соолук, кылым карыткан узун өмүр берсин! Ар бир күңүздөрдү күлкү коштоп, уул-кыздарыңыздардын убайын көрүңүздөр!
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин
ректору э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыков
Возможно, это изображение 1 человек