Тарых-филология факультетинде КӨЭАУнун 30 жылдыгына карата кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү.

Тарых-филология факультетинде КӨЭАУнун 30 жылдыгына карата кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү.
Спорттук иш чаранын ачылышында университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, тарых-филология факультетинин деканы Жаннат Каденова, кафедра башчылары катышты. Аталган спорттук таймашта жалпы 15 команда күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Мыкты оюнчулар жана 1-2-3-орунду алган командалар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.