Кесиптик колледжде “Билим кенчи” ресурстук борбору ачылды

2024-жылдын 18-октябрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата кесиптик колледжде “Окуу керемет!” долбоору тарабынан жана “Көп тилдүү билим берүүнү” ишке ашырууга, педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан берилген окуу китептеринин негизинде түзүлгөн “Билим кенчи” ресурстук борборунун ачылыш аземи болуп өттү.
Аземди университеттин квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун башчысы п.и.к., доцент Т.Э.Исаков ачып берип, жакшы тилектерди каалоо менен бирге борборго өзүнүн белектерин тапшырды.
Борбордун негизги максаты – “Окуу керемет!” долбоорунун жана “Көп тилдүү билим берүүнүн” методикаларын улантуу болуп эсептелет.
Аземди улай тренерлер М.У. Халмуратова жана Ч.Х.Абдуллаева тарабынан “Текст менен иштөөнүн ыкмалары” деген аталышта семинар уюштурулду. Семинарга окутуучулар жана студенттер активдүү катышышты.
Семинардын жүрүшүндө кесиптик колледждин директору ф-м.и.к., доцент Ч.Х. Абдуллаева мындан нары дагы окутуучулардын методикасын өнүктүрүүчү семинарлар үзгүлтүксүз уюштурулуп тураарын баса белгиледи.