Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан расмий сапары менен келди.

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан расмий сапары менен келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин ортосундагы илимий кызматташтыкты күчөтүү жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды. Тараптар түрк дүйнөсүнүн илимий жана маданий өнүгүүсүнө кошкон салымдарын мындан ары да арттыруу ниетин билдиришти.
Ошондой эле кыргыз тилинин өнүгүшүнө өзгөчө басым жасоо керектигин белгилешип, кыргыз тилин илгерилетүү жана анын маанилүүлүгүн жогорулатуу максатында биргелешкен билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү жана маданий иш чараларды уюштуруу пландалды. Буга улай эле 2022-жылы университеттин ошол мезгилдеги ректору, э.и.д., профессор Чаткалбай Райымбаевдин демилгеси менен TÖMER окуу курсунун ачылганы да талкууланды.
Бүгүнкү күндө TÖMER окуу курсу, түрк тилин сапаттуу үйрөнүүнү камсыз кылып, студенттердин жана окутуучулардын тил билүү деңгээлин жогорулатуу менен катар түрк маданиятына болгон кызыгууну арттырууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан университеттин 30 жылдык юбилейине өз убагында келе албай турганын, бул маанилүү жолугушууга эртерээк келгенин айтып, куттуктоолорун билдирди.
Ал өз сөзүндө Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин жогору баалап, окутуучулардын билимин өркүндөтүү жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Университеттин юбилейи кыргыз жана түрк элдеринин билим берүү жаатындагы байланышын бекемдөө үчүн маанилүү окуя болуп саналаарын да кошумчалады.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков атайын иш сапары менен келген ректорго ыраазычылыгын билдирди.