2024-жылдын 1-ноябрында КӨЭАУнун кесиптик колледжинде “Улуу инсандардын бактылуу урпактарыбыз” аттуу адабий-музыкалык иш чара болуп өттү.

Адабий-музыкалык иш чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата уюштурулуп, ага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, бириккен бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева жана колледждин окутуучулар жамааты, студенттер катышты.
Иш чаранын башында коноктор тарыхта аты калган инсандардын, окуу жайды негиздеген жана буга чейин жетектеген жетекчилердин бейнесин чагылдырган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту.
Ал эми адабий-музыкалык кече улуу инсандардын жасап кеткен эмгектерин жаштарга жайылтуу максатында даярдалган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүш тарыхын чагылдырган сахналык көрүнүш менен башталып, таланттуу студенттердин ыр, бийлери менен коштолду.
Иш чара кесиптик колледждин математика жана табигый сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулду.