Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичтин Эл аралык студенттер күнүнө карата куттуктоосу

Адамзат коому өнүгүүнүн туу чокусуна жеткен бүгүн күндүн шартында, келечек тагдырыңдын пайдубалынын түптөлүшү – өздөштүргөн билимиңе, тандаган кесибиңе, мезгил талабын аткарууга байланышкан чеберчилигиңе, заман агымынан сыртта калбай, күндөлүк жагдайларды өздөштүрүп жашоо мүмкүнчүлүгүнө көз каранды. Ал мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, чеберчиликти өстүрүү, студенттик күндөрдө жетише турган бийиктик.
Жалындуу жаштыктын өткүр мезгили менен коштолгон ушул куракта келечектүү чөйрө түзүлүп, дүйнө таанымың кеңейет. Карым-катыштын жаңы ыкмаларын өздөштүрөсүң.
Ошондуктан, урматтуу студенттер, бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата куттук айтып жатып, сиздердин ар бириңиздерди мезгилдин күрөө тамыры менен тең соккон сезимтал, көрөгөч, кесипкөй адис катары тарбияланып чыгышыңыздарга тилектеш экенимди билдирем!
Алып жаткан билимиңиздердин баарыңыздарга жугумдуу болушун каалаймын!
Возможно, это изображение 1 человек