2024-жылдын 29-ноябрь күнү КӨЭАУнун «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары болуп өттү.

Семинарда илимий борбордун мүчөсү Маматова Айсалкын “Сингапурдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү” деген темада мазмундуу баяндама жасап берди. Семинар биздин өлкөнүн мектептеринин 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү негизги маселелерине арналган.
Семинардын жүрүшүнөн борбордун мүчөлөрү төмөнкүдөй маалыматтарды алышты:
• Сингапурдук билим берүү системасы;
• Сингапурдук технологиялар менен сабактарды уюштуруу;
• Сабакта колдонулуучу оюндар;
• Сингапурдук окутууну үйрөнүүгө керектүү платформалар ж.б.
Семинар суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен коштолду. Илимий борбордун мүчөлөрү пайдалуу маалыматтар үчүн Маматова Айсалкынга ыраазычылыктарын билдиришти.