Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата чоң маданий окуя болду.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата чоң маданий окуя болду.
📖 Жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун «Алимбек Датканын арманы» аттуу китебинин бет ачарына адабият күйөрмандары, университеттин жетекчилиги жана студенттер катышты.
📍КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Алымбек датканын мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткан мааракеси жана жазуучу Абдыкерим Муратовдун илимий-чыгармачылык эмгектери тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди жана тарыхый эмгектин авторун университеттин стартап борборунда даярдалган эстелик белектер менен сыйлады.
💬 Иш-чарага катышкан окурмандар жана окумуштуулар роман боюнча ой-пикирлерин бөлүшүп, китептин тарыхый жана көркөм баалуулугун белгилешти. Адабият кечеси автор менен окурмандардын ортосунда суроо – жооп, баарлашуу менен уланды.
🤝 Эскерте кетсек, иш-чараны Тарых-филология факультети жана Коммуникация жана медиа департаменти уюштурду.