Конок лекция өтүүгө келген ЖАМУнун окумуштуусу менен кызматташуу келишими түзүлдү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасында мазмундуу конок лекция уюштурулду.
 Лекцияны Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Г.К.Бакирова өтүп, “Тилдин белгилик мүнөзү” темасында студенттерге терең жана кызыктуу маалыматтарды сунуштады.
 Иш-чаранын башында кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Бактыгүл Исмаилова жолугушуунун максаты менен тааныштырып, сөз факультеттин деканы, п.и.к., доцент Жаннат Каденовага берилди. Декан конокторду жылуу тосуп алып, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын маанисине токтолду.
 Ошондой эле иш-чаранын алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы менен аталган университеттин кыргыз филологиясы кафедрасынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлдү.
 Лекция студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын илимий кызыгуусун арттырып, жаңы билимдерге шыктандырды.
 Иш-чаранын соңунда университеттин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков конокторду кабыл алып, лекциянын актуалдуулугун белгилеп, ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, люди занимаются боевыми искусствами и текст