Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинде математика жана табигый сабактар бирикмесинин алкагында инновацияга бай бир катар мазмундуу ачык сабактар өткөрүлдү.
Математика сабагынан окутуучу Гулназ Аркалыкова ПНК9-4-25 тайпасына «Көрсөткүчтүү теңдемелер» темасында тереңдетилген ачык сабак өткөрүп, студенттердин көрсөткүчтүү функциялар боюнча түшүнүгүн кеңейтти. Студенттер ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды активдүү аткарып, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүштү.
Физика сабагында окутуучу Ысакова Уулча Абдивалиевна ПНК9-1-25 тайпасына «Өзүнчө индукция. Өз ара индукция. Индуктивдүүлүк» темасында заманбап форматтагы ачык сабак өттү. Теория менен практика шайкеш айкалышып, студенттер теманы терең түшүнүү менен бирге өз ойлорун эркин айтууга мүмкүнчүлүк алышты.
Эки сабакта тең жасалма интеллект, интерактивдүү видео, заманбап окутуу технологиялары кеңири колдонулуп, студенттердин кызыгуусун жогорулатууда чоң роль ойноду.
Мындай инновациялык ыкмалар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошуп, студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү кадам болуп жатат.
Коммуникация жана медиа департаменти




