Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинин Математика жана табигый сабактар бирикмеси химия, биология жана география окутуучуларынын демилгеси менен «Табияттын жандануусун байкайлы» аталышында терең мазмундуу экологиялык иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын максаты — студенттерге жаз мезгилинин табияттагы орду, мааниси тууралуу маалымат берүү, чыгармачылыкты өнүктүрүү, экосанитардык маданиятты жогорулатуу жана командалык ишти бекемдөө.
Иш-чаранын ачылыш бөлүгү көчөт отургузуу менен башталып, студенттер шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишине өз салымдарын кошушту.
Конкурска 3 команда катышып, ар бир багытка жараша упайлар атайын калыстар тарабынан эсептелип турду.
«Жаратылышты коргойлу»
«Жаздагы табият»
«Экология жана адам»
Ошондой эле табият тууралуу ырларды көркөм окуп, чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Эко-Квест эң кызыктуу бөлүктөрдүн бири болуп, паркта үч бекет иштеди:
1-бекет — «Биология: Жашоо булагы»
2-бекет — «География: Жер таануу»
3-бекет — «Химия: Көрүнбөгөн дүйнө»
Ар бир бекетте тиешелүү предметтин окутуучусу кызыктуу тапшырмалар менен студенттерди сынады.
Оюн-зоок бөлүгүндө «Туура тамактануу» жана «Ким шамдагай?» сыяктуу кызыктуу оюндар уюштурулуп, иш-чара шаңга бөлөндү.
Бул иш-чара студенттердин экологиялык маданиятын арттырып, табиятка болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин бекемдеди.
Коммуникация жана медиа департаменти



