Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жогорку жана кесиптик орто билим берүү багыттары/адистиктери боюнча кабыл алуунун 2-туру башталды!

📢 20-июлдан тартып Кыргызстанда, анын ичинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде, 2026–2027-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кабыл алуу старт алды.
Аталган окуу жайга тапшырууну каалаган абитуриенттер документтерин «Абитуриент онлайн» платформасы аркылуу электрондук түрдө тапшырып, өздөрү тандаган багыттар/адистиктер боюнча каттала алышат.
💻 Онлайн система аркылуу абитуриенттер:
✅ тандаган жогорку окуу жайына жана адистигине каттала алышат;
✅ конкурстун жүрүшүн жана рейтингдик көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөй алышат;
✅ кабыл алуунун жыйынтыктары менен тааныша алышат.
📌 Белгилей кетсек, кабыл алуунун 1-туру ийгиликтүү аяктап, алдыда дагы 4 тур күтүп турат:
🔹 2-тур – 20-июлдан
🔹 3-тур – 27-июлдан
🔹 4-тур – 3-августтан
🔹 5-тур – 10-августтан
Ар бир турдун жүрүшүндө абитуриенттерди каттоо, сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана окууга макулдугун электрондук система аркылуу ырастоо иштери жүргүзүлөт.
Эгер кабыл алуунун бешинчи турунан кийин бош орундар калса, 22-августка чейин рейтингдик тизменин негизинде кошумча кабыл алуу уюштурулат.
📌 Урматтуу абитуриенттер!
Кабыл алуу турларынын мөөнөттөрүнө көңүл буруп, документтерди өз убагында тапшырууну жана окууга макулдугуңуздарды электрондук система аркылуу ырастоону унутпаңыздар!
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек, больница и текстВозможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст