Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине кабыл алуунун IV туру аяктады

Бүгүн, 5-август күнү саат 14:00дө өлкөнүн бардык жогорку окуу жайларына, анын ичинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине, жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча абитуриенттерди кабыл алуунун IV туруна каттоо расмий түрдө аяктады.
📢 Жакынкы күндөрү IV турдун жыйынтыгы жарыяланып, окууга сунушталган абитуриенттер үчүн окууга макулдук (кубаттоо) берүү процесси башталат.
📌 Урматтуу абитуриент!
✅ Жыйынтыгыңызды «Абитуриент Online» платформасындагы жеке кабинетиңизден же университеттин кабыл алуу комиссиясынан текшериңиз.
✅ Эгер окууга сунушталган болсоңуз, белгиленген мөөнөттө сөзсүз түрдө макулдугуңузду тастыктаңыз.
❗Эгер бул турда окууга сунушталбай калсаңыз, үмүтүңүздү үзбөңүз. Алдыда дагы акыркы мүмкүнчүлүк – V тур бар.
📅 V турдун мөөнөттөрү:
🟢 10-август, саат 09:00 – башталат.
🔴 12-август, саат 14:00 – аяктайт.
📍 Жеке кабинетиңизди үзгүлтүксүз текшерип туруңуз жана бардык аракеттерди өз убагында аткарыңыз.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек и отдел новостей
Возможно, это изображение один или несколько человек