Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленди

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип, окуу жайдын аялдар кеңеши тарабынан майрамдык иш чара уюштурулду.
Алгач окуу жайдын эжекелери майрамдык иш чарага келген агайларды майрамы менен куттуктап, кол чабуулар менен тосуп алышты. Андан соң окуу жайдын каржы-экономика факультетинин айымдары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич аталган факультеттин айымдарына ыраазычылыгын билдирип, университеттин мырзаларын куттуктап, элибизде тынчтык, туруктуулук жана биримдик болсун деген каалоо-тилегин айтты. Буга улай КӨЭАУнун биринчи ректору, академик Мамасаидов Мухамеджан Ташалиевич, окуу иштери боюнча проректор Исаков Топчубай Эргешович, Аялдар кеңешинин төрайымынын милдетин аткаруучу Арынова Айгүл Эргешовналар дагы куттуктоолорун жолдошту.
Соңунда салтанатка катышкан профессордук-окутуучулар жамааты уюштуруучуларга дүркүрөтө кол чабып, ыраазы болуп кетишти. Майрамдык кече көркөмдүк жана уюштуруучулук жагынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.