«Башкаруу системаларын ESG-трансформациялоо» аталышында 72 сааттык квалификациясын жогорулатуу программасы

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы жана Ош шаардык мэриясы менен үч тараптуу түзүлгөн келишимине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн 2022-жылдын 1-декабрынан 14-декабрына чейин «Башкаруу системаларын ESG-трансформациялоо» аталышында 72 сааттык квалификациясын жогорулатуу программасы ишке ашырылып, толугу менен Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы тарабынан каржыланды.
Аталган программага Ош шаардык Мэриясынын 13 кызматкери активдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.
Сертификаттарды Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык байланыштар, инновация жана инвеститция боюнча проректору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна тапшырды.
и ещё 9
Все реакции:

Сыргак Сарыков, Суйор Таштемиров и ещё 57