“Британия таануу жана маданияты” борбору ачылды

2022-жылдын 25-октябрында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде “Британия таануу жана маданияты” борборунун ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган борбордун ачылышына окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев баштаган ректораттын өкүлдөрү, тарых-филология факультетинин деканы, окутуучулар жамааты, Ош облусунун райондорундагы мектептердин англис тили мугалимдери жана студенттер катышты.
Аталган борбордун негизги максаты студенттердин англис тилин, маданиятын, тарыхын жана адабиятын шыктануу менен үйрөнүүсүнө жагымдуу шарт түзүү болгондугун англис филологиясы кафедрасынын башчысы Жаннат Каденова билдирди.Ошондой эле борбор илимий таанымдык кызыкчылык жараткан актуалдуу темалардын алкагында илимий жыйындарды, усулдук семинар, тренингдерди жана англис тилинде баарлашуу клубун уюштурууга багытталган аянтча экиндигин кошумчалады.
Борборду уюштурууну англис филологиясы кафедрасынын окутуучулары демилгелеп, өз идеялары менен ишке ашырышкан. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору мындай иштерди дайыма колдоп келгендигин, ар бир окутуучунун, студенттин ойлорун угуп, алардын идеяларын иш жүзүнө ашырууга дайыма кызыкдар экенин белгилеп, борбордун ишине ийгиликтерди каалап, кандай жардам керек болсо кош колдоп колдоорун баса белгиледи.