Бүгүнкү коомдогу аялдардын орду жана адеп маселеси

Тарых-филология факультетинин аялдар кеңеши тарабынан “Бүгүнкү коомдогу аялдардын орду жана адеп маселеси” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акын Зинакан Пасаңова, Ош шаардык кеңешинин депутаты, журналист Хулькар Исанова, Ош шаардык кеңешинин депутаты, акын Назима Алмазбекова жана ошондой эле КӨЭАУнун аялдар кеңешинин төрайымы Жийдегүл Жээнбекова, ЭАБИИ боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева, ТФФнын деканы Назира Тилекова, факультеттин окутуучулары, студенттер катышты.
Тегерек стол Зинакан Пасаңова менен Назима Алмазбекованын аял темасына арналган ырларын көркөм окуу менен башталды.Тегерек столдун жүрүшүндө чакырылган коноктор өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери, чыгармачылык менен байланышкан өмүр жолдору, аял затынын коомдогу орду, адеп маселелери боюнча кеңири токтолуп, баяндап беришти.
Соңунда КӨЭАУнун аялдар кеңешинин төрайымы келген конокторго, тарых-филология факультетинин жамаатына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.