Бүгүн, 2026-жылдын 29-октябрында Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультети эл аралык NABU Кыргызстан уюму менен биргеликте “Биоартүрдүүлүктү сактоо жана Ак илбирс – тоо экосистемасынын негизи” аттуу илимий-практикалык семинар өткөрдү.
Иш-чарага университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Назира Тилекова, NABU уюмунун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси, б.и.к., доцент Ысабек Аматов, инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин деканы, ф-м.и.к., доцент Жумагүл Жээнтаев, табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасынын башчысы Лола Камилова баштаган окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Семинардын максаты студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча коомчулуктун, экологиялык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин аракеттерин бириктирүү, ошондой эле жаштарды жаратылышты коргоого чакыруу болуп саналат.
Жыйындын алкагында тийиштүү адистер тарабынан илбирстердин географиялык байырлаган чөйрөсү боюнча кызыктуу баяндамалар жасалып, студенттер үчүн атайын таанытуучу видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле катышуучулар арасында интерактивдүү викторина уюштурулду.
Жолугушуунун соңунда жигердүү катышуучуларга жана викторинанын жеңүүчүлөрүнө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер менен атайын таратма материалдары тапшырылды. Мындан сырткары, университет менен экологиялык уюм келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.




