22-июнь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өлкөнүн түштүк аймагында алгачкы жолу түзүлгөн экономика илимдери боюнча докторлук диссертацияларды кароого жана коргоого укуктуу Д 08.26.20 диссертациялык кеңешинин уюштуруу жыйыны болуп өттү.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Ош мамлекеттик университетинин базасында түзүлүп аткан диссертациялык кеңештин жыйынына КӨЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева да катышып, бул окуя улуттук илимдин өнүгүшүндө маанилүү тарыхый кадам катары баалады.
Жыйындын жүрүшүндө кеңештин ишмердүүлүгү илимий ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык жана сапат принциптеринин негизинде жүргүзүлөрү белгиленип, аймактагы жаш окумуштуулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү айтылды.
Диссертациялык кеңештин төрагасы болуп Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Илимий-изилдөө инновациялык институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Чаткалбай Райымбаев, эл эми төраганын орун басары болуп Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Чинара Кулуева бекитилди. Ал эми илимий катчы болуп экономика илимдеринин кандидаты, доцент Курманбек Искандаров дайындалды.
Кеңештин курамына КӨЭАУнун мурдагы ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, университеттин илим жана инновация боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Алмаз Атабеков жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайлардын белгилүү окумуштуу-профессорлору кирди.
Диссертациялык кеңеш экономика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын алуу үчүн 08.00.02 – тармактык экономика жана менеджмент, 08.00.03 – финансы жана бухгалтердик эсеп адистиктери боюнча, ошондой эле экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн 08.00.01 – улуттук жана аймактык экономика адистиги боюнча диссертацияларды кароого жана коргоону өткөрүүгө укуктуу.
“Экономика багытындагы доктордук диссертациялык кеңеш Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы илимий кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле өлкө үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү илимий кадрларды даярдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”,- деди Кеңештин төрагасы, профессор Чаткалбай Райымбаев.
Эскерте кетсек, мындан 15 жыл мурун экономика илимдеринин докторлору, профессорлор, маркум Пирмат Купуевич менен Канторо Шариповичтин демилгеси жана жетекчилиги астында Ош мамлекеттик университетинде түштүк аймактагы алгачкы диссертациялык кеңеш ачылып, анда экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациялар ийгиликтүү корголуп келген. Бүгүн ошол илимий салттын жаңы баскычы катары докторлук деңгээлдеги диссертациялык кеңештин ишке кириши аймактагы илимдин өнүгүүсүндөгү маанилүү жетишкендик катары бааланууда.
Коммуникация жана медиа департаменти



