ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК МАМЛЕКЕТТИК ФОНДУНУН “БИЛИМ КЕРБЕНИ” КӨЭАУДА

11-июнь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук курамынын, аспиранттар, магистранттар жана студенттеринин катышуусунда «Билим кербени» республикалык долбоорунун алкагында интеллектуалдык менчик маселелерине арналган агартуучулук жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чаранын башкы коногу катары Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун өкүлү Дамира Мукашевна Түлөбердиева катышып, автордук укук, патенттөө, илимий эмгектерди коргоо жана интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо боюнча кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар интеллектуалдык менчиктин заманбап тенденциялары, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын коргоо, стартаптарды расмий каттоодон өткөрүү тартиби жана инновациялык идеяларды коммерциялаштыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Иш-чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмү тарабынан жаш окумуштууларга укуктук колдоо көрсөтүү жана илимий-инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Жолугушуунун соңунда университеттин профессору Исаков Топчубай Эргешович сөз сүйлөп, келген конокторго жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар илимий чөйрөнүн өнүгүшүнө жана жаш изилдөөчүлөрдүн потенциалын арттырууга чоң салым кошорун белгиледи.

Возможно, это изображение отдел новостей и текст

Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей, больница и текст

Возможно, это изображение один или несколько человек, помост, отдел новостей, больница и текст

Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст