____________________________________

Тарыхы
 

«Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты» департаменти жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин  талабына ылайык университетте билим берүүнүн сапатын камсыздоо максатында Кыргыз-Өзбек университетинин ректорунун 2006-жылдын 5-январындагы №01-Д буйругу менен «Билим берүүнүн сапаты» бөлүмү түзүлгөн. Билим берүү айдыңындагы реформаларга байланыштуу анын аталышы жана структурасы бир нече ирет өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Аны жетектөө милдетин компетенттүү адистер т.и.к., доцент И.А.Бакиров, Р.А.Абдумарипова жана М.А.Маматовдор татыктуу аркалап, окуу жайдын адистерди даярдоо иштеринин сапатын жогорулатууда алгылыктуу иштер алынып барылган.

Окуу жайдагы билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитацияга даярдоо, сапат менеджментинин тутумун кийирүү максатында университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен (Протокол №1, 14.09.18) 2018-жылдын сентябрь айында «Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты» департаменти өз алдынча структуралык түзүм катары түзүлүп, анын директору кызматына филол.и.к., КӨУнүн доценти Тентимишова Акмарал Камчыбековна дайындалган. Департаменттин курамына «Жожго чейин даярдоо жана карьераны өнүктүрүү» борбору кошулган.

«Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты» департаментинин (АББСД) негизги максаты университеттеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иштерди пландаштыруу жана координациялоо болуп эсептелинет. Аталган максаттын алкагында төмөндөгүдөй милдеттерди аткаруунун үстүндө пландуу иштер алынып барылат:

— университеттеги билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча иш кагаздарды координациялоо;

— билим берүүнүн сапатын аныктоо боюнча мониторингдерди, сурамжылоолорду жүргүзүү;

— билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитацияга даярдоо жана алардын иштерин координациялоо;

— профессордук-окутуучулар курамынын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча мониторингдерди жүргүзүү;

—   бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу;

— профессордук-окутуучулар курамына жана кызматкерлерге семинарларды уюштуруу жана өткөрүү ж.б.

Университеттин сапат менеджменти тутумун башкаруу максатында курамы 29 адамдан турган Сапат кеңеши түзүлгөн жана анын Жобосу, иш пландары бекитилип, ага ылайык пландуу иштер алынып барылат. Кыргыз-Өзбек университетинин миссиясы, сапат айдыңындагы саясаты, 7 багыт боюнча стратегиялык өнүгүү планы кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен  кабыл алынып, билим берүү процессинин бардык катышуучуларына жеткирилген. Ошондой эле сапат менеджменти тутумунда иш кагаздарды башкаруу, стейкхолдерлер арасында ар түрдүү сурамжылоо жүргүзүү, ачык сабактарды уюштуруу, негизги билим берүү программасын иштеп чыгуу ж.б. боюнча атайын Жоболор даярдалып, колдонууга берилген.

2018-жылы Кыргыз-Өзбек университетиндеги бардык багыттардын жана адистиктердин негизги билим берүү программалары (НББП) иштелип чыгып, ата-энелердин, студенттердин, бүтүрүүчүлөрдүн, жумуш берүүчүлөрдүн жана окутуучулардын талкуусунан кийин бекитилип, процесске киргизилген. Бир жылдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгында 2019-жылы аларга мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы окумуштуулар кеңешинин отурумунда каралып, НББПларды жылдан-жылга жакшыртуу чечими кабыл алынды.

Университеттин билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү иштери этап менен жүргүзүлүп, ушул күндө башталгыч кесиптик билим берүү боюнча 4, орто кесиптик билим берүү боюнча 18 программалар 5 жылдык мөөнөткө ийгиликтүү аккредитациядан өткөрүлүп, тиешелүү сертификаттар алынды.

2018-жылы университеттин 6 билим берүү программасы эл аралык агенттик (НААР, Казахстан) тарабынан өткөрүлгөн рейтингге катышып, жыйынтыгында 570700.Костюмдун жана текстилдин искусствосу багыты I даражадагы дипломго ээ болуп, калган программалар өлкөбүздөгү окуу жайлардын арасында алдыңкы ондуктун катарынан орун алышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2017-жылдын 15-февралындагы чыгуу №190/1 буйругуна ылайык Кыргыз-Өзбек университети өлкөбүздөгү көп тилдүү билим берүү программасын аппробациялоочу жождордун катарына кирген. Ага ылайык башталгыч класстарда окутуу, мектепке чейинки билим берүү, педагогика жана табигый-илимий билим берүү программалары боюнча ар бир курстан бирден пилоттук тайпалар алынып, шаарыбыздагы көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырып жаткан мектептер, бала бакчалар үчүн керектүү адистер даярдалууда.

Директор

Тентимишова Акмарал Камчыбековна

Кыргызская Республика, 714000, гор. Ош, улица Салиевой, дом 44А, кв. 42,

телефон: раб. (03222) 7-48-34 , моб. (0555) 668807, эл.адрес: akmary-1980@mail.ru

 


Дата рождения:                               
27 ноября 1980 года

Образование:                                    Высшее, Ошский Государственный университет, факультет русской филологии, квалификация — «учитель русского языка и литературы»

 

Структура