Куттуктайбыз!

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Билим, илим кызматкерлеринин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Аталган сыйлыктарды окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев Окумуштуулар кеңешинин отурумунда өз ээлерине тапшырды.
Андан сырткары жаштардын бизнес долбоорунун сынагында ийгилик жараткан студенттерди профессордук–окутуучулар жамаатына тааныштырып, жараткан ийгиликтери менен куттуктады.