Мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү

Биз жөнүндө
 

Мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн

Максаты

  • Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин билим берүүнүн сапатын камсыздоодо мониторинг жана билим берүү ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү системасын түзүү, ишке ашыруу жана жакшыртуу.
  • Университеттин студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө өз алдынча карьерасын пландаштыруу жана куруусун калыптандырууда көмөк көрсөтүү, заманбап эмгек рыногуна ыңгайлануусуна жана кесиптик ишмердүүлүгүн толук ишке ашыруусуна жардам берүү.

Милдеттери

  • Университеттин структуралык бөлүмдөрүндөгү билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатына ички аудитти жүргүзүү;
  • Университеттин башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү, бакалавриат, магистратура багытындагы билим берүү программалрынын алкагында билим берүү ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөлөрүн чогултуу жана аналитикалык талдоо жүргүзүү;
  • Университеттин билим берүү ишмердүүлүгүнүн усулдарын жана мониторингдик изилдөөлөрүнүн процедурасын жакшыртуу;
  • билим берүү программаларынын портфолиосун түзүүгө катышуу;
  • профессордук окутуучулук жамаатка жана жардамчы кызматкерлерге консультациялык-маалыматтык жардам көрсөтүү;
  • Университеттин билим берүү ишмердүүлүгү боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдар боюнча жетекчиликке маалымат берүү жана маалыматтарды таркатуу;
  • Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу үчүн маалыматтарды жыйноо;
  • Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу боюнча талдоо жүргүзүү;

Б. Сыдыкова атындагы КӨЭАУнун Мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү менен байланыш үчүн:

Дарек: Башкы корпус, Г.Айтиева көч. 27, 4-кабат 403-каана;

Байланыш:

Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУнун башкы корпусу, Г. Айтиева көч. 27

+996555806870

+996505630053

Электрондук дарек: monitoring403@gmail.com

Жобо
 

Иш план

Мониторинг

Сурамжылоо

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

          Урматтуу Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университетинин жалпы профессордук-окутуучулар жамааты, кызматкерлер жана студент достор!

Сиздерди университеттин жалпы ишмердүүлүгүнө баалоо жүргүзүү максатында өткөрүлүп жаткан сурамжылоого активдүү катышып берүүгө чакырабыз.

Сурамжылоонун биринчи этабы 06.03-11.03.2023 экинчи этабы   13.03.- 18.03.2023 күндөрү жүргүзүлөт. үчүнчү этабы 20.03. – 25.03.2023 күндөрү жүрөт

Сурамжылоо AVN маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. АББСД, Мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү

 

Кулактандыруу!

     Урматтуу Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин биринчи жана бүтүрүүчү курстарда билим алып жаткан студенттери Сиздерди 2022-жылдын 12-декабрынан 18- декабрына чейин өткөрүлүүчү сурамжылоого активдүү катышып кетүүгө чакырабыз.
Сурамжылоонун максаты: 1-курстун студенттеринин студенттик турмушка адаптация болуудагы маселелерин аныктоо жана бүтүрүүчү курстардын кесиптик компетенттүүлүктөрүнүн калыптануусун баалоо болуп саналат.
Сурамжылоо AVN маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт
АББС департаменти, мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү.

Анкетирование