КӨЭАУнун өкүлдөрү «Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн VII мектебине» активдүү катышты

18–19-июнь күндөрү Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан уюштурулган «Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн VII мектеби» аттуу республикалык илимий-практикалык семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Эки күнгө созулган илимий мектепке өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жана илимий-изилдөө мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар, докторанттар, аспиранттар жана илимий даража изденүүчүлөр катышты.
Алардын катарында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий кызматкерлери, аспиранттары жана PhD докторанттары да активдүү катышып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча жаңы билим жана тажрыйба алышты.
Семинардын жүрүшүндө диссертациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн заманбап талаптары, илимий эмгектердин сапатын жогорулатуу, эл аралык рецензиялануучу журналдарга илимий макалаларды даярдоо жана жарыялоо, илимде жасалма интеллектти колдонуу, илимий иштердин оригиналдуулугун камсыздоо жана плагиаттын алдын алуу боюнча баяндамалар жасалып, практикалык машыгуулар жана талкуулар өткөрүлдү.
Жыйынтыктоочу бөлүктө Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Борубашов Бекбосун Ишенбекович сөз сүйлөп, мындай илимий мектептер жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүүдө, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууда жана ата мекендик илимдин өнүгүшүнө салым кошууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Илимий мектептин соңунда бардык катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды. Мындай иш-чараларга активдүү катышуу Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жаш окумуштууларынын илимий дараметин жогорулатууга, эл аралык талаптарга жооп берген илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана университеттин илимий потенциалын мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и помост
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение помост и текст