Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын, этностордун өз ара мамилесин, биримдигин жана достугун бекемдөөдө башкы орунду ээлейт.    Университетте Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын буйруктарынын, токтомдорунун, жоболорунун негизинде жүргүзүлөт.

  Бул багытта университетте:

— Мамлекеттик тил боюнча түзүлгөн комиссия;
— “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” борбору;
— “Манас тануу” борбору;
— Мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары;
— “Чыӊгыз Айтматов таануу” ийрими;
— “Акыл ордо” ийрими;
— “Жаш калемгерлер” ийрими ж.б. борборлор, адабий ийримдер иш алып барат.
Социалдык жана маданий-массалык иштерди өнүктүрүү максатында университетте ыр жазган, манас айткан, дастан айткан, музыкалык аспаптарда ойногон,ырдаган таланттуу студенттердин башын кошкон маданий-эстетикалык борбор, ар түрдүү майрамдык кечелерди өткөрүү үчүн жыйындар залы, “Достук планетасы” студенттик гезити, “ДОСТУК” студенттик телестудиясы, “Достук” спорттук клубу, спорттук зал, спорттук манеж, спорттук аянтчалар, ар түрдүү спорттук ийримдер, студенттик жатакана, студенттик ашканалар, компьютердик окуу курсу, айдоочулук курсу, медициналык пункт, китепканалар ж.б. студенттердин кызматында.
Университете ар түрдүү адабий музыкалык кечелер, коомдук жана маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, өмүрү өрнөк инсандар, ардагерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, “Кыз-жигит сармердени”, “Студенттик жаз”, “Жаз жана акындар” адабий музыкалык кечелери, Студенттике кабыл алуу «Ыйгарым” аземдери, “Бүтүрүү” кечелери, ар түрдүү багытагы “Акыл таймаштар”, жаш дизайнерлердин “Мода” фестивалдары, 1-курстун студенттеринин өз колдору менен тигишкен «Менин биринчи тиккен кийимим» аттуу мода кечеси, “Эр жигит”, “Кыз Сайкал”, “КӨЭАУ- периси” кароо-сынактары, “Кош жылдыз”, “Кечки серенада” оюн-зоок долбоорлору, «Дүйнө элдеринин бийлери» фестивалдары, «Улуу тил дүйнөсү» аттуу мамлекеттик тил майрамдары, «Эне тил – Элдин байлыгы» аттуу эне тил майрамдары, «Манас — көөнөргүс мурас» аттуу жаш манасчылардын кароо-сынактары, коомдук-маданият ишмерлеринин маараке салтанаттары, профессордук-окутуучулар жамаатынын жана студенттердин арасында ар түрдүү спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.
Мындан сырткары университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери шаардык, областык жана республикалык коомдук, маданий-массалык иш-чараларга, кароо-сынактарга, фестивалдарга, ар түрдүү акцияларга, форумдарга, акыл-таймаштарга, семинарларга, конференцияларга, тегерек столдорго, спорттук мелдештерге, кайрымдуулук акцияларына жана башка ушул сыяктуу иш чараларга активдүү катышуу менен байгелүү орундарды ээлеп, окуу жайдын намысын коргоп келүүдө.
Университетте уюштурулган социалдык жана маданий-массалык иш-чаралардын негизги максаты — студенттердин өз ара достук, ынтымактык жана биримдик мамилелерин чыӊдоо аркылуу алардын ата-энеге, туулган жерге, мекенге болгон сезимдерин күчөтүү менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө ар тараптуу салым кошуу болуп эсептелет.