Кечээ, 28-октябрь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Окуу-усулдук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумга окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева төрайымдык кылып, жыйынга Окуу-усулдук кеңештин мүчөлөрү катышты.
Кеңешменин күн тартибинде аралаш окутуу форматындагы билим берүүнүн сапатын камсыздоонун индикаторлору, жасалма интеллект шарттарында окутуунун жаңы дидактикалык моделдери, электрондук окуу-усулдук комплекстерди түзүү жана жаңылоо, ошондой эле окуу-усулдук колдонмолорду талкуулоо жана бекитүү маселелери каралды.
Кеңешменин катышуучулары окуу-усулдук иштерди заманбап талаптарга ылайык уюштуруу, санариптик технологияларды билим берүү процессине натыйжалуу киргизүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.
Жыйындын соңунда күн тартибиндеги маселелер боюнча сунуш-пикирлер эске алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Учурда КӨЭАУда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, санариптештирүүнү кеңири колдонуу жана окуу-усулдук ишмердүүлүктү өркүндөтүү багытындагы иштер жигердүү улантылууда.